ДКО-2026: Көкпар боюнча алгачкы беттеште Кыргызстан алдыга чыкты
Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарында көкпар боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Алгачкы беттеште Кыргызстан жана Монголия курама командалары күч сынашып, жыйынтыгында Кыргызстан командасы 12:1 эсебинде жеңишке жетти.