SerepTV Logo

ДКО-2026: Эр эңиш боюнча алгачкы беттештер жыйынтыкталды

ДКО-2026: Эр эңиш боюнча алгачкы беттештер жыйынтыкталды
 
Бүгүн, 2-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Бүгүнкү мелдешке 8 өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния, Венгрия) 3 салмак категориясы боюнча (60 кг чейин, 70 кг чейин, 80 кг чейин) 19 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
60 кг чейин:
1-орун – Kerim Nurtalap (Kазахстан)
2-орун - Baiyshev Adahan (Кыргызстан)
3-орун- Avilgaji Janibyek (Монголия)
3-орун - Kurmanakaev Tan (Россия)
70 кг чейин:
1-орун - Sailau Muhammedj (Казахстан)
2 -орун - Sagynbekov Akyl (Кыргызстан)
3-орун - Amangeldiev Ismai (Россия)
3-орун - Myelis Nauryzbyek (Монголия)
80 кг чейин:
1-орун - Raikhan U Baknyc (Кыргызстан)
2-орун - Rasul Kuraiysh (Казахстан)
3-орун - Junadillaev Nodir (Өзбекстан)
3-орун - Yerkinbek Umirtai (Монголия).

1-орундун жеңүүчүлөрү 100 миң сомдон, 2-орун 80 миң сомдон, ал эми коло байге ээлери 60 миң сомдон алышат.
SEREP MEDIA