SerepTV Logo

ДКО-2026: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

ДКО-2026: Эр эңиш боюнча жеңүүчүлөр аныкталды
 
Кечээ, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Мелдешке 10 өлкөдөн (Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Орусия, Өзбекстан, АКШ, Румыния, Венгрия, Тажикстан, Кытай) 3 салмак категориясы боюнча (90 кг чейин, 100 кг чейин, 110 кг чейин) 42 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
90 кг чейин:
1-орун - Откелбай Дарын (Казакстан)
2-орун - Бердибек уулу Ислам (Кыргызстан)
3-орун - Норкулов Тойчубек (Тажикстан)
3-орун - Нематуллаев Саидаф (Өзбекстан)
100 кг чейин:
1-орун - Избассаров Сырым (Казакстан)
2-орун - Мунур уулу Амантур (Кыргызстан)
3-орун - Эшбеков Наврузбек (Тажикстан)
3-орун - Зокирджонов Азизбек (Өзбекстан)
110 кг чейин:
1-орун - Башан Асхат (Кыргызстан)
2-орун - Абдыраханов Турд (Кытай)
3-орун - Еркинулы Нуржан (Казакстан)
3-орун - Шайтан Харджаубай (Монголия).

1-орундун жеңүүчүлөрү 100 миң сомдон, 2-орун 80 миң сомдон, ал эми коло байге ээлери 60 миң сомдон алышат.
SEREP MEDIA