ДКО-2026: Көк бөрү боюнча экинчи күндүн жыйынтыгы
Кечээ, 3-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештер уланууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Мелдештин экинчи күнүндө жалпы үч оюн өткөрүлүп, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду:
Өзбекстан:11 - Кыргызстан:16
Орусия: 7 — АКШ:6
Тажикстан:3 — Казакстан:16
Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Орусия жана Казакстан курамалары жеңишке жетишти.