ДКО-2026: Кыргыз күрөшү боюнча мелдештердин жыйынтыгы
Кечээ, 3-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз күрөшү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Мелдешке дүйнөнүн 43 мамлекетинен келген жалпы 81 спортсмен катышты.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
60 кг чейин:
1-орун -Толубай Шүкүров (Кыргызстан)
2-орун - Жамоллиддин Нематуллаев (Өзбекстан)
3-орун - Георгий Инашвили (Грузия)
3-орун - Мунхбат Ганкуяж (Монголия)
84 кг чейин:
1-орун - Азизхан Мусабек уулу (Кыргызстан)
2-орун - Хусан Абдухамидов (Өзбекстан)
3-орун - Навруз Каримзод (Тажикстан)
3-орун - Атагелди Тежендурдыев (Түркмөнстан)
100 кг жогору:
1-орун - Бактияр Мирлан уулу (Кыргызстан)
2-орун - Алмас Жумагали (Казакстан)
3-орун - Сарвар Икромов (Өзбекстан)
3-орун - Бат-Оршкин Батсуури (Монголия)
Байге ээлерине төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:
1-орун - 150 000сом
2-орун - 100 000сом
3-орун - 80 000сом