SerepTV Logo

ДКО-2026: Тыйын эңмей боюнча мелдештин жыйынтыгы

ДКО-2026: Тыйын эңмей боюнча мелдештин жыйынтыгы
 
Бүгүн, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тыйын эңмей боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Аталган мелдешке жалпы 11 мамлекеттен 11 спортсмен катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:
1-орун - Канат Бактыбай (Казакстан)
2-орун - Азим Эсенбек уулу (Кыргызстан)
3-орун - Байболат Акылбек (Монголия)
Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
1-орун - 150 000сом
2-орун - 100 000сом
3-орун - 80 000сом
SEREP MEDIA