Abank july
SerepTV Logo

ДКО 2026: Улуттук команданын капитанына Мамлекеттик туу тапшырылды

ДКО 2026: Улуттук команданын капитанына Мамлекеттик туу тапшырылды

Кыргыз Республикасында өтүүчү VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүп чыгуу ардактуу милдети улуттук кыргыз күрөш спорттунун спортчусу, дүйнө жана эл аралык мелдештердин көп жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Мусабек уулу Азизханга тапшырылды.

Бул — спортчу үчүн гана эмес, жалпы кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Кыргызстандын  байрагын эл аралык аренада бийик көтөрүү — өлкөнүн намысын татыктуу алып жүрүүнүн жана мекенчилдиктин символу.

Мусабек уулу Азизхан 1994-жылы туулган. Улуттук спорттун түрлөрү боюнча дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, кыргыз күрөшү боюнча 3 жолку дүйнө чемпиону,  бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү  дүйнө чемпиону, алыш бел боо күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону.

Республикалык  жана эл аралык мелдештердин  көп жолку чемпиону.

Алыш бел боо күрөшү боюнча  эл аралык даражадагы спорт чебери, бел боо күрөшү боюнча  эл аралык даражадагы спорт чебери, кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери.

SEREP MEDIA