ДКО-2026: Хапсагай, гуштини милли камарбанди, гюлеш күрөш түрлөрү боюнча мелдештердин жыйынтыгы
Кечээ, 4-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде күрөштүн үч түрү - гюлеш, гуштини милли камарбанди жана хапсагай боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Гюлеш боюнча жалпы 16 спортчу күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
1-орун - Мостафа Наджафи Калатехеи (Иран)
2-орун - Раван Мусаев (Азербайжан)
3-орун - Айбек Касманбетов (Кыргызстан)
3-орун - Зыямухаммет Сапаров (Түркмөнстан)
Гуштини милли камарбанди боюнча 20 мамлекеттен келген спортчулар күч сынашты.
Байгелүү орундар:
1-орун - Фирдавс Юриев (Тажикстан)
2-орун - Азамжон Анваржанов (Өзбекстан)
3-орун - Кайратбек Тойчуев (Кыргызстан)
3-орун - Бегли Халмаммедов (Түркмөнстан)
Хапсагай боюнча 27 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында:
1-орун - Никита Хабаров (Россия)
2-орун - Тусигэ (Кытай)
3-орун - Баатаржав Мунхбаяр (Монголия)
3-орун - Сардорбек Холматов (Өзбекстан)
Мелдештин байге ээлерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.
1-орун - 100 миң сом
2-орун - 80 миң сом
3-орун - 50 миң сом.