22-мартта белгилүү мушкер Дмитрий Бивол Кыргызстанга келген. 23-мартта Бишкектеги «Бивол» бокс залынын жанында күйөрмандары менен жолугушуу өткөрдү.
Маалыматтарга караганда, жолугушууга жүздөгөн күйөрмандары келип, сүрөткө түшүп, кол тамга алышкан.
23-февралга караган түнү Сауд Арабияда орусиялык эки мушкер Артур Бетербиев менен Дмитрий Биволдун ортосунда жеңил салмакта дүйнөнүн абсолюттук чемпиону наамы үчүн титулдук реванш беттеши өткөн. Бивол Бетербиевди жеңип, абсолюттук дүйнө чемпиону болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram