Көк бөрү боюнча «Достук» командасынын толук курамы умра сапарына жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган команданын социалдык тармактагы баракчасында жазылды.
«Жыл башында «Достук» командасынын жетекчилиги команданын толук курамын умра сапарына барып, зыярат кылып келүүсүн ниет кылды эле. Орозо айында Меккеге зыярат кылууга бүгүн «Достук» командасы толук курамы менен жөнөп жатышат», — деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram