8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтөт.
Кыргызстандын атынан жалпы 12 балбан классикалык стиль боюнча катышат.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
— Баяман Абидинов;
— Калысбек Каюмов;
— Ирлан Казбек уулу;
— Азизхан Мусабек уулу;
— Арген Джакенов;
— Иманали Сагынали уулу;
Кыз-келиндер арасында:
— Элзада Момунжанова;
— Айгиза Дастан кызы;
— Нурзат Бактыяр кызы;
— Динара Камчыбекова;
— Феруза Курстанбек кызы;
— Нагира Сарбашова.
Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.











