Abank_oct
SerepTV Logo

Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш медаль ээси

Эрлан Шеров Азия оюндарынын күмүш медаль ээси
 
Бүгүн, 2-октябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында дзюдо боюнча мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Кыргызстандык спортсмен Эрлан Шеров 90 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, Азия оюндарынын күмүш медалына ээ болду. Шеров алгачкы беттешинде Шри-Ланканын өкүлү Мишеал Анджало Милан Маркону мөөнөтүнөн мурда "иппон" ыкмасы менен жеңди.

Чейрек финалда Бириккен Араб Эмираттарынын өкүлү Гаджимурат Омаровду 1 мүнөт 35 секундда жеңип, жарым финалда Өзбекстандын өкүлү Нурбек Муртозоевду менен 1:0 эсебинде артткалтырган. Финалда Эрлан Шеров Япониянын өкүлү Рику Окада 1:0 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын экинчи орунун камсыз кылды.
SEREP MEDIA