Abank_oct
SerepTV Logo

Эрназар Акматалиев бүгүн Ибрагим Ибрагимов менен алтын медаль үчүн күрөшөт

Эрназар Акматалиев бүгүн Ибрагим Ибрагимов менен алтын медаль үчүн күрөшөт
Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Эрназар Акматалиев финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Финалга чейин кыргызстандык балбан үч жеңишке жетишти. Ал 1/8 финалда Канаданын өкүлү Лахлан Макнил Мауристти 2:0 эсебинде, чейрек финалда Түркиянын балбаны Ферхат Киличти 8:3 эсебинде, ал эми жарым финалда АКШнын өкүлү Зейн Аллен Резерфордду 3:2 эсебинде жеңди. Чечүүчү финалдык беттеште Эрназар Акматалиев орусиялык Ибрагим Ибрагимов менен күч сынашат. Финалдык беттештер бүгүн, 31-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 20:00да башталат.
SEREP MEDIA