12,15,18-ноябрь күндөрү Манас шаарында эл аралык MANAS CUP 2025 (U-23) эл аралык футболдук мелдеши өткөрүлөт.
Мелдеште Кыргызстан, Бахрейн, Иран жана Россиясынын Олипиадалык курамалары күч сынашат.
Оюндар Манас шаарынын «Курманбек» стадионунда өтөт.
Бул эл аралык мелдеш алкагында биздин курама командабыз 2026-жылкы Азия Кубогунун финалдык баскычына даярдык көрөт.
Курама командабыздын беттештеринин жүгүртмөсү:
12-ноября |19:00
Кыргыз Республикасы — Бахрейн
15-ноября | 19:00
Иран — Кыргыз Республикасы
18-ноября | 19:00
Кыргыз Республикасы — Россия












