Abank_june
SerepTV Logo

Франция, Норвегия жана Мексика Дүйнө Чемпиондугунун 1/8 финалдык баскычына өттү

Франция, Норвегия жана Мексика Дүйнө Чемпиондугунун 1/8 финалдык баскычына өттү

Бүгүн Дүйнө Чемпиондугунун 1/16 финалдык баскычынын кезектеги оюндары өтүп, дагы 3 курама команда кийинки баскычка жолдомо алды.  

Кот-д’Ивуар – Норвегия беттеши 1:2 деген эсеп менен жыйынтыкталды. Оюндун 86-мүнөтүндөгү Эрлинг Холанддын голу команданы 1/8 финалдык баскычка алып чыкты. Норвегия 6-июнда Бразилия менен беттешет. 
 
Франция – Швеция беттеши 3:0 эсеби менен француздардын пайдасына чечилди. Бул беттеште Килиан Мбаппе дүйнө чемпионаттарынын плей-офф баскычында тогузунчу жана онунчу голун киргизип, турнирдин жаңы рекордчусу болду. Бул көрсөткүч менен ал бразилиялык легендалар Леонидас жана Роналдодон ашып өттү. Мындан тышкары, бул голдор Мбаппе үчүн дүйнө чемпионаттарындагы 17- жана 18-голдор болду. Бул көрсөткүч боюнча аны Лионель Месси гана озуп турат.Бул жылкы турнирде Мбаппе аргентиналык чабуулчу Месси менен бирге эң мыкты бомбардирлердин жарышын жетектеп турат. Экөөндө тең азырынча алтыдан гол бар.

Кийинки беттеш бүгүн эртең менен Мексика жана Эквадор командаларынын ортосунда өттү. Мексиканын футбол боюнча улуттук курама командасы 2:0 эсебинде каршылашын утуп, кийинки баскычка жолдомо алды. Мексикалыктар 1/8 финалдык баскычта Англия – Конго беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.