30-мартта Дүйнө чемпионатына тандоо турундагы “F” тайпасынын 8-оюнунда Монголия менен Япония кез келди. Оюн Монголиянын Улан-Батор шаарындагы МФФ футболдук борборунда орун алды. Беттештин жыйынтыгы талаа ээлеринин 14:0 эсебинде жеңилүүсү менен аяктады.
Оюндун эсебин 13-мүнөттө Япония курама командасынын чабуулчусу Такуми Минамино ачты. Биринчи бөлүктө эле Монголиянын дарбазасына 5 топ кирсе, экинчи бөлүктө япондор монголиялыктарга эч мүмкүнчүлүк бербей дагы 9 гол киргизишти. Япондордун чабуулчусу Юя Осако хет трик кылса, чабуулчулар Дзюня Ито,Киого Фурухаси жана жарым коргоочу Сё Инагаки экиден гол киргизишти. Ошондой эле жарым кооргоочулар Даити Камада, Хидемаса Морита жана Такума Асано бирден гол жаратты. Андан сырткары Монголиянын жарым коргоочусу Хаш-Эрдене Туяя өзүнүн дарбазасына гол киргизип алды.
Ошону менен Япония 5 оюндун жыйынтыгы менен 15 упай топтоп, тайпанын ишенимдүү лидери болду. Андан кийинки орунда 10 упай менен Тажикстан орун алса, үчүнчүдө 7 упай менен Кыргызстан жайгашкан. Мьянма курама командасы 6 упай менен 4-орунда болсо, Монголия бардык оюндарда болгону 3 гана упай топтоп, тайпалык тизмеде акыркы орунду ээлеп турат.
Голдор:
0:1 — Минамино — 13,
0:2 — Осако — 23,
0:3 — Камада — 26,
0:4 — Морита — 33,
0:5 — Туяя — 39 (автогол),
0:6 — Осако — 55,
0:7 — Инагаки — 68,
0:8 — Ито — 73,
0:9 — Фурухаси — 78,
0:10 — Ито — 79,
0:11 — Фурухаси — 86,
0:12 — Асано — 90+1,
0:13 — Осако — 90+2.