Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Александр Мищенко жубайы менен «гендер пати» өткөрүштү. Видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты.
Видеодон көргөндөй, «гендер пати» футбол талаасында өткөн жана түгөйлөр кыздуу болушат.
Мищенко 2024-жылдын 6-июлунда жубайынын колун сурап, түгөйлөр 17-сентябрда баш кошушкан.
Кыргызстан-Катар беттешинде атаандашынын дарбазасына 81-мүнөттө 2-голду киргизген Александр Мищенко аталган голду болочоктогу баласына арнаган. Дал ошол күнү жубайлар наристе күтүп жатканын ачыкташкан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram