Эгерде дарбазачы топту 8 секунддан ашык кармаса, атаандаш команда бурчтан тебилген соккуга укук алат. Дарбазачы топту коё бергенге чейин калыс атайын жаңсоо менен убакытты эсептейт.
Жаңы эреже 2025-2026 сезонунан баштап, бардык лигаларда күчүнө кирет. Бул эрежени эл аралык футбол кеңеши ассоциациясы (IFAB) кабыл алды.











