«Манчестер Ситинин» башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиола жаңы келген өзбекстандык коргоочу Абдукодир Хусанов менен кантип баарлашарын айтып берди.
Кечээ, 25-январда Хусанов Англиянын Премьер-лигасынын 23-турунда дебют жасады. Лондондун «Челси» (3:1) менен «Манчестер Сити» клубдарынын беттешинин алгачкы төртүнчү мүнөтүндө сары айып кагазын алды.
Гвардиола «Мен аны менен сүйлөшүү үчүн орус же өзбек тилин үйрөнүшүм керек. Ал англисче сүйлөбөйт» — деп комментарий берген жергиликтүү басылмаларга.
20 жаштагы коргоочу 20-январда Франциялык «Ланстан» Англиянын «Манчестер Ситисине» өткөн. Быйылкы сезондо Хусанов «Ланс» үчүн 16 беттеш өткөргөн. «Манчестер Сити» менен оюнчунун эмгек келишими 2029-жылдын жай айына чейин. Маалыматтарга караганда, футболчу «Манчестер Сити» менен 50 миллион еврого келишим түзгөн.
Кийинки турда Хосеп Гвардиоланын шакирттери Лондондун «Арсеналы» менен ойнойт. Беттеш 2 — февралда Бишкек убактысы менен саат 23:30да башталат.