Орусиялык мурдагы UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов Лос-Анжелеске уччу учактан чыгарылды. Бул тууралуу EssentlySports жазды. Басылманын маалыматына караганда, спортчу стюардесса менен кайым айтыша кеткен.
Нурмагомедов авариялык чыгуунун жанынан орун алган. Учуу алдындагы инструкция учурунда стюардесса андан өзгөчө кырдаал болгон учурда жүргүнчүлөргө жардам берүүгө даяр экендигин ырастоону суранган. Нурмагомедов так жооп бере алган эмес.
Стюардесса спортчудан башка орунга өтүүнү суранган, бирок ал баш тарткан. Андан соң, сүйлөшүүгө супервайзер кошулуп, авариялык катарда кала албасын, антпесе учактан чыгып кетүүгө аргасыз болорун түшүндүргөн. Портал жарыялаган кадрларда Хабиб Нурмагомедов жана анын жанындагылар учактан чыгып баратканын көрүүгө болот.
Окуядан кийин мушкер «Борт коштоочу башынан эле мени менен уруша баштаган. Мен англис тилин жакшы түшүнөм жана сүйлөй алам, буга карабастан ал мени ордумду бошотууну талап кылып туруп алды. Ага улуттук, расалык же башка себептер болгонбу мен билбейм. Негизгиси адамдар бир аз мээримдүү болсо» деген пикирин билдирген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram