Харбинде өтүп жаткан Азиадада хоккей боюнча кыргыз курама командасы Сингапур командасын 11:2 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Беттеш Кытайдын Харбин шаарындагы Кышкы Азия оюндарынын алкагында өткөн. Бул улуттук курамдын үчүнчү оюну. Буга чейин кыргыз хокейчилери Кувейтти 8:9, Бахрейнди 29:0 эсебинде уткан. Бүгүн саат 19:00дө Кыргызстандын хокейчилери Гонконг курама командасы менен ойнойт.











