Футбол боюнча “Испания кубогу 2021” мелдешинин жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештеринде валенсиялык Леванте өз үйүндө Атлетик клубун кабыл алды. Оюн Валенсиядагы Сьюдад де Валенсия стадионунда өттү. Оюн бильбаолук клубдун жеңиши менен аяктады.
Беттештин жүрүшүндө Левантенин чабуулчусу Роджер Марти 17-мүнөттө алгач гол жаратып, командасын алга сүрөдү. Ал эми Атлетик клубунун чабуулчусу Рауль Гарсия 30-мүнөттө 11 метрлик пенальтиден гол киргизип, эсепти теңеди. Жеңүүчү негизги убакытта аныкталбаган соң, командалар кошумча убакытта күч сынашты. 112-мүнөттө Атлетиктин жарым коргоочусу Алекс Беренгердин узаткан соккусу дарбаза торунан орун алды. Беттештин жыйынтыгында 2:1 эсебинде Атлетик клубу жеңишке жетип, жалпы эсеп боюнча 3:2 болуп, бильбаолук клуб финалга жолдомо алды.
Белгилей кетсек, биринчи оюн 12-февралда өтүп, анда оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Ал эми финалдык оюн Барселона-Атлетик Бильбао клубдарынын ортосунда 17-апрелде Севилья шаарындагы Олимпиадалык стадиондо орун алат.