Футбол боюнча “Испания кубогу 2021” мелдешинин жарым финалдык оюндарынын жооптук беттештеринде каталондук Барселона өз үйүндө Севилья клубун кабыл алды. Оюн Каталониядагы Камп Ноу стадионунда өттү. Оюн каталондук клубдун жеңиши менен аяктады.
Беттештин жүрүшүндө Барселонанын чабуулчусу Усман Дембеле 13-мүнөттө алгач гол жаратып, командасын алга сүрөдү. Негизги убакыт соңуна келип калганда коргоочу Жерард Пике башы менен гол киргизип, Барселонаны бул мелдештен кол үзбөй калуусуна дагы бир үмүт жаратты. Жеңүүчү негизги убакытта аныкталбаган соң, командалар кошумча убакытта күч сынашты. 95-мүнөттө Барселонанын чабуулчусу Мартин Брэйтуэйттин башы менен узаткан соккусу дарбаза торунан орун алды. Беттештин жыйынтыгында 3:0 эсебинде Барселона клубу жеңишке жетип, жалпы эсеп боюнча 3:2 болуп, каталондук клуб финалга жолдомо алды.
Белгилей кетсек, биринчи оюн 11-февралда өтүп, анда Севилья 2:0 эсебинде жеңип алган.
Барселонанын финалдагы атаандашы бүгүн түнү аныкталмакчы. Анда Леванте-Атлетик клубдары кез келет. Оюн 5-март күнү саат 2:00 дө болот.