Жоан Лапорта каталониялык «Барселона» футбол клубунун президенти болуп шайланды. Президентти тандоо 7-мартта өтүп, ага 3 талапкер Жоан Лапорта, Тони Фрейша жана Виктор Фонт катышкан.
Жоан Лапорта шайлоочулардын 54,28 пайыз добушун алып алдыга чыккан. Ал эми Виктор Фонт 29,99 пайыз добуш алса, Тони Фрейша 8,58 пайыз добушка татыган.

Жоан Лапорта шайлоо алдындагы программасында аргентиналык оюнчу Лионель Месси менен «Барселонанын» келишимин узартарын билдирген. Жоан Лапорта 12-16-март аралыгында Испания Ла Лигасынын уруксаты берилсе, клубдун президенти катары расмий түрдө жарыяланат. Буга чейин ал «Барселонаны» 2003-2010-жылдары жетектеген. Лапорта башында турганда клуб 4 жолу Ла Лиганы, 2 жолу Чемпиондор лигасын жеңген.












