Париждеги Олимпиада оюндарынын коло байге ээси Жоламан Шаршенбеков 6-августтагы беттештен кийин журналисттерге комментарий бергенин “АКИ спорт” жазды.
«Биз көпкө даярданып, алтын медаль үчүн келгенбиз. Бирок баары Кудайдын каалоосу менен болду. Мен дагы алтын алгым келген, бирок коло үчүн да шүгүр. Жеңилип калган соң, баарынан баш тартып салуу туура эмес. Балким, алдыда мени чоң жетишкендиктер күтүп жаткандыр. Кудайдын пландары биздикинен миллион эсе жакшы. Албетте, биз муну менен эле токтоп калбайбыз. Алдыдагы Олимпиадага даярданабыз», — деди Шаршенбеков.