Кечээ, 26-январь күнү Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев «Барселона» футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолукту. Бул тууралуу КФБдан билдиришти.
«Жумушчу жолугушуунун жүрүшүндө өз ара кызматташтык боюнча бир нече маселелер талкууланды. Тараптар «Ла Масия» академиясына Кыргызстандан таланттуу оюнчуларды кабыл алуу, машыктыруучуларды даярдоо боюнча консультацияларды уюштуруу, футбол функционерлери үчүн семинарларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен ишмердүүлүктүн башка маселелерин карашты», — деп жазылат маалыматта.
Бүгүн, 27-январда Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы «Барселона» футбол клубунун жаштар курамы менен беттешет. Оюн академиянын оюн тааласында орун алып, биздин кураманын Азия Кубогуна болгон даярдыгынын алкагында өтөт. Аталган оюнга КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев дагы күбө болот.