Казакстандын көкпар боюнча курама командасы Ысык-Көлдө өтө турган “Биримдик” кубогуна келбейт. Бул тууралуу Informburo. kz басылмасына коңшу өлкөнүн Көк пар федерациясы билдирген.
“Федерация Ысык-Көлдө өтө турган “Биримдик” кубогуна катыша албайт. Себеби бул датага башка маанилүү иш-чаралар пландалган. Учурда көк парчылар ошол оюндарга даярданып жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын көк пар жана көк бөрү боюнча курама командаларын Чолпон-Ата шаарында ушул жылдын 1-ноябрда өтө турган «Биримдик» кубогуна чакырган.