Abank_oct
SerepTV Logo

Келдибек Бакиров Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин директору болуп дайындалды

Келдибек Бакиров Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжинин директору болуп дайындалды

Келдибек Бакиров Ш. Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин директору болуп дайындалды.

Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин «Машыктыруучу-окутуучу» адистиги боюнча аяктаган (2013–2017-жж.). Эмгек жолун 2017-жылы Ысык-Көл облусунун балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинде грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп баштап, аталган кызматта 2020-жылга чейин эмгектенген.

• 2020–2022-жж. — Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында методист;
• 2022–2023-жж. — «Тайманбас» адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги спорт мектебинин директорунун орун басары;
• 2023–2024-жж. — Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясында методист;
• 2024–2025-жж. — Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясында директордун орун басары;
• 2025–2026-жж. — «Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары;
• 2026-жылдын март айынан ушул күнгө чейин — Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясында директор кызматын аркалап келген.

SEREP MEDIA