26-февралдан 28-февралга чейин Украинанын борбору Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандардын жана машыктыруучулардын элесине арналган эркин, аялдар жана грек-рим күрөшү боюнча XXIV Киев эл аралык мелдеши болуп өттү. Бул турнирге дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнөн балбандар катышты. Мелдешке Кыргызстандын намысын коргоп улуттук курама командадан жалпы 33 спортчу катышты. Алардын ичинен 13 спортчу ийгилик жаратты.
6 балбан коло байгеге ээ болушту. Алар:
Эркин күрөш — 65 кг — Алибек Осмонов
Эркин күрөш — 86 кг — Нуртилек Карыпбаев
Эркин күрөш — 57 кг — Бекболот Мырзаназар уулу
Эркин күрөш — 61 кг — Икромжон Хаджимурадов
Эркин күрөш — 70 кг — Исламбек Орозбеков
Грек-рим күрөшү — 67 кг — Амантур Исмаилов
4 балбаныбыз 2-орунду алып, күмүш медалга татышты. Алар:
Грек-рим күрөшү — 60 кг — Жоламан Шаршенбеков
Эркин күрөш — 65 кг — Эрназар Акматалиев
Аялдар күрөшү — 76 кг — Айпери Медет кызы
Аялдар күрөшү — 59 кг — Назира Марсбек кызы
3 спортчу мелдештин жеңүүчүсү аталып, алтын байгенин ээси болушту. Алар:
Аялдар күрөшү — 62 кг — Айсулуу Тыныбекова
Аялдар күрөшү — 68 кг — Мээрим Жуманазарова
Грек-рим күрөшү — 97 кг — Узур Жузупбеков