ДКО-2026: Көк бөрү боюнча Орусия курамасы үчүнчү орунду ээледи
Бүгүн, 5-сентябрда Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча коло медаль үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Бул оюнда Орусия жана Тажикстан өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашып, жыйынтык 3:0 эсебинде Орусия өлкөсүнүн жеңиши менен аяктады.