Көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
«Кудай буюрса, быйылкы жылы биздин улуттук сыймыгыбыз болгон көк бөрү боюнча эң жогорку даражадагы мелдеш — Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу 25-жолу өтөт», — деди ал.
Ушул жылдын 12-мартында «Нооруз» турнирине карата өткөрүлгөн оюнда улакчы Мирлан Сраждинов каза тапкан. Бул кырсыктан кийин аталган турнир токтотулуп, көк бөрү өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.











