Көк бөрү боюнча “Достук” командасы “Ынтымакты” жеңип, Жогорку лиганын чемпиону болду. Финалда негизги убакыт 4:4 менен аяктады. Бул тууралуу Спутник жазды.
Кошумча убакытта Кубаныч Султан уулу «алтын салым» таштап, “Достукка” чемпиондукту алып берди. Бул оюнда ал төртүнчү улакты салып, турнирдин мыкты оюнчусу деп да табылды. Ал эми “Намыс” командасы “Шахтёрду” жеңип, үчүнчү орунду ээледи.
Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү.











