Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы Кыргыз Республикасынын эл артисти Асылбек Өзүбековго аргымак мингизди. Бул тууралуу федерациянын президенти Рамис Жунусалиев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазды.
“Тарыхы терең көк бөрүбүз жылдан жылга өнүгүп келе жатышына өз кезегинде жаратман адамдарыбыз колдон келген салымдарын кошуп келишти. Көзү тирүүсүндө барктай албай, айрымдары бул өмүр менен кош айтышып кете беришти. Быйыл жеке менин демилгем менен улуттук көк бөрү спортуна салым кошкон ардагерлерибиздин тизмеги түзүлдү. Бир нече адамдарга сыйлуу белектер берилди. Ошондой эле алардын арасынан көк бөрүгө бараандуу салым кошкон алып баруучубуз Асылбек Өзүбеков агайыбызга ат тартуу кылдык. Кудайым буйруса, мындай жакшы жышааныбызды салт кылып, залкарларыбызга татыктуу сый тартуулап турмакчыбыз”, — деп жазган.
Асылбек Өзүбеков 1996-жылдан бери көк бөрү оюнун алып барып келет.
Посмотреть эту публикацию в Instagram












