Көк бөрү боюнча “Нооруз-2021” турниринин Жогорку лигасында финалга жолдомо алуу үчүн Оштун “Достук” командасы менен Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы кез келди. Жыйынтыгында “Достук” 10:6 эсебинде жеңип, бул турнирдин финалына чыкты.
21-мартта орун алчу финалдык оюнда “Кыргыздын Эль-класикосу” аталган “Ынтымак” менен “Достук” командалары күч сынашмакчы.
Ал эми Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы бул турнир менен кош айтышты. 20-мартта Манас Ниязов баштаган “Ала-Тоо” Чүйдүн командасы менен 3-орун үчүн оюнда кездешет.