Бүгүн Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда “Нооруз-2021” турниринин алкагында көк бөрү боюнча Жогорку лиганын кезектеги оюну болду. Анда таластык “Ынтымак” менен Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасы кез келди. Жыйынтыгында “Ынтымак” 2:0 эсебинде жеңип, бул турнирдин финалына чыкты. Ал эми Чүйдүн командасы 3-орун үчүн күч сынашат.
Учурда Оштун “Достук” командасы менен Ысык-Көлдүн “Мурас” командасы финалга жолдомо үчүн күч сынашууда. Бул жуптуктан жеңип чыккан улакчылар тобу «Ынтымак» менен биринчи орун үчүн ат салышат.