SerepTV Logo

ДКО-2026: Күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча жыйынтыктар

ДКО-2026: Күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча жыйынтыктар
 
Бүгүн, 5-сентябрда “Газпром” дене тарбия ден соолукту чыңдоо борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында күрөштүн пахлавани жана кореш түрлөрү боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.

Татар кореши боюнча 100 кг жогорку салмак категориясындагы балбандар күч сынашып, жалпы 32 мамлекеттен келген спортсмендер катышты. Пахлавани боюнча 90 кг жогорку салмак категориясындагы балбандар күч сынашып, жалпы 36 мамлекеттен келген спортсмендер күч сынашты.

Кореш боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Радик Салахов (Орусия)
2-орун Баяман Мыктыбеков (Кыргызстан)
3-орун Мерсад Шахери (Иран)

Пахлавани боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жоозегани Мостафа Тагхани (Иран)
2-орун Сейтек Догдурбек уулу (Кыргызстан)
3-орун Бат-Орших Батсуури (Монголия)

Жеңүүчүлөргө төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар ыйгарылды:
1-орун 100000сом
2-орун 80000сом
3-орун 50000сом
SEREP MEDIA