25-март күнү 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Бишкекте өтө турган Кыргызстан-Катар беттешин малайзиялык калыстар тобу тейлейт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
ФИФА калысы Насаруддин Мухаммад Назми калыстар бригадасын жетектесе, ага эми каптал сызыктарда Халил Тан Мухамад Зайрул жана Зайнал Абидин Мухаммад Му Ази жардам беришет. Ошондой эле, Туан Мохд Ханафиах резервдик арбитр болуп дайындалды.
VAR-системасында дагы кытайлык адистер Фу Минг жана Жин Жуян иштешет.