Кыргыз футбол биримдиги Өзбекстан жана Тажикстан футбол ассоциациялары менен бирге 2031-жылкы Азия Кубогун кабыл алууну пландоодо. Тиешелүү арыз кечээ, 24-февраль күнү Азия футбол конфедерациясына жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Буга чейин КФБ жетекчилиги Өзбекстан футбол ассоциациясы жана Тажикстан футбол федерацияларынын жетекчилери менен бирге аталган маселе боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Турнирди кабыл алуу үчүн АФКга азырынча баштапкы билдирме жөнөтүлдү. Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек. Ал эми, курулуп жаткан «Бишкек-Арена» стадиону атайын 51 миң көрүчүүгө ылайыкталууда.
«Башка Борбор Азиянын мамлекеттери менен бирге континенттин эң башкы футболдук мелдешин кабыл алуу биз үчүн чоң сыймык болот. Бул коңшулаш мамлекеттер менен болгон достукту бекемдетип, эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр баркын жаңы деңгээлге чыгарат деп ойлойм», — деди КФБнын президенти Камчыбек Ташиев.
Азия Кубогун кабыл алуу үчүн кийинки билдирмелерди даярдоо бири нече убакытты талап кылып, көп баскычтуу болот. Азырынча, Кувейт, Индонезия жана БАЭ өлкөлөрү 2031-жылкы Азия Кубогун кабыл алуу боюнча каалоосун билдиришти. Ал эми, АФК турнирдин кожоюндары боюнча өз чечимин 2026-жылы кабыл алат.