BRAVE Combat Federation уюмунун кезектеги мелдешине кыргызстандык 3 мушкер катышат. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты.
Asian Domination мелдеши 11-мартта Бахрейнде өтөт. Анда кыргызстандык спортчу Абдисалам уулу Кубанычбек филиппиндик Роландо Дайга каршы чыгат. Андан сырткары Немат Абдрашитов орусиялык Анзор Абдулхожаев менен беттешсе, Рыскулбек Ибраимов казакстандык Асу Алмабаев менен кез келет.