6-12-апрель күндөрү Кыргыз Республикасынын борбору Бишкек шаарындагы “Жаштык Арена” спорттук комплексинде спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Мелдештин эң кызыктуу түрлөрүнүн бири болгон эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы өлкө намысын коргойт.
Курама команданын тизмеси:
57 кг чейин — Абдымалик Карачов;
61 кг чейин — Бекзат Алмаз уулу;
65 кг чейин — Рустам Кахаров;
70 кг чейин — Эрназар Акматалиев;
74 кг чейин — Орозобек Токтоманбетов;
79 кг чейин — Адилет Маратбаев;
86 кг чейин — Малик Шаваев;
92 кг чейин — Яков Чаплин;
97 кг чейин — Каныбек Абдухаиров;
125 кг чейин — Арслан Турдубеков.
Машыктыруучулар штабы:
башкы машыктыруучу — Азат Мирахимов;
улук машыктыруучусу — Эламан Доктурбек уулу;
U-23 курамасынын улук машыктыруучусу — Ильгиз Жакыпбеков.