Бүгүн, 25-мартта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстан менен Катардын курамалары беттешип жатышат.
Беттешти көрүүгө өлкө башчысы Садыр Жапаров келди. Ошондой эле Бишкекке Катар футбол ассоциациясынын президенти Жассим Аль Буанинин жетекчилиги алдындагы Катар ассоциациясынын делегациясы да келген.
1-таймдын 45-мүнөтүндө Кыргыз курамасы эсеп санды ачып, күйөрмандарын сүйүнттү. Калыстар бул таймга 2 мүнөт кошуп беришкен.
2-таймда Катардын оюнчуларды эсеп санды теңеген болчу. Оюндун 81-мүнөтүндө Александр Мищенко гол киргизип, Кыргыз курамасын алдыга сууруп чыкты. Калыстар 2-таймга кошумча 8 мүнөт кошуп беришти. Мындан пайдаланып, Кыргыз курамасынын оюнчусу Алимардон Шүкүров 3-гол киргизди. Ошентип оюн 3:1 эсебинде Кыргызстандын жеңиши менен жыйынтыкталды.
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү. Анда көп тармактуу спорт комплекстин курулушу...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 26-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионунун ачылыш аземине катышты. Мамлекет башчысы жаңы...
Бүгүн, 26-апрель күнү Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылында жаңыдан курулган «Достук Арена» футбол стадионун ачылыш аземи орун алат. Бул ийри инфратүзүм...
Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу Александр Мищенко жубайы менен "гендер пати" өткөрүштү. Видеосун социалдык тармактагы баракчасына жарыялашты. Видеодон көргөндөй,...