Кыргызстандын самбо боюнча Улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө кубогунда 13 медаль (2 күмүш, 11 коло) жеңишти.
- Күмүш медаль ээлери:
— Саяк Бараканов
— Адилет Кубаныч уулу
- Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло медаль ээлери:
— Байэл Жакшылыков
— Жамалбек Асылбек уулу
— Фарух Мамажанов
— Шахрер Идирисов
— Бекболот Токтогонов
- Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээлери:
— Курманбек Замирбек уулу
— Шерзат Кудайбердиев
Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи. Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова коло медалга ээ болду.
Мелдештер 15-16-август күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Газпром спорт комплексинде өтүп, 14 мамлекеттен келген 250дөн ашык спортчу катышты.











