Бүгүн, 6-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астанада шаарында (Казакстан) 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасын узатуу аземине катышты.
“Бүгүн биз спортчуларыбызды V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына — дүйнө элдеринин салттарын, маданиятын жана спорттук демин бириктирген иш-чарага узатып жатабыз. Бул оюндар дүйнөгө рухтун күчүн, биримдикти жана тарыхый тамырларды сыйлоону көрсөтүү үчүн салт менен заманбаптык жолугушкан уникалдуу аянтча болуп саналат. Ушул жерде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын биринчи жолу уюштурган биз экенибизди сыймыктануу менен айткым келет. Футболдун мекени Англия, хоккейдин мекени Канада деп ошол өлкөлөрдүн жарандары дайыма сыймыктануу менен айтышат жана дагы кылымдар бою мындай сыймыктануу улана берет. Биз дагы көчмөндөр оюндарынын автору катары сыймыктансак болот”, — деди МинКаб төрагасы.
Акылбек Жапаров спортчуларды узатып жатып, кыргыз жаштарына ак тилегин ыр менен билдирген белгилүү акын Байдылда Сарногоевдин ырынан үзүндү окуду:
“Чоку болот тоолордун бийик жери
Чокудай бол кыргыздын жигиттери
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени”.
Министрлер кабинетинин төрагасы курама команданын капитаны Мирлан уулу Бактиярга тууну тапшырып, спортчуларга алдыдагы мелдештерде чоң ийгиликтерди каалады. “Сапарыңар ийгиликтүү болуп, жолуңар шыдыр болсун! Силерди жеңиш менен күтөбүз!” деп сөзүн жыйынтыктады МинКаб төрагасы.
Бүгүн, 21-январда маданият министри Алтынбек Максутов Улуттук курама командалардын спортчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча...
Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова менен япон балбаны Кеничиро Фумитаны үй-бүлө курушу менен куттуктады. 15-январда...
Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев Европадагы футбол клуб менен профессионалдык контракт түзгөн биринчи кыргыз футболчусу болду. Бул...
15-январда Бишкекте Айсулуу Тыныбекова менен Бакберген Аттокуровдун үлпөт тою болуп өттү. Тойдо эстрада ырчылары ырдап, конокторго белектер ойнотулду. Ошондой эле...
Бүгүн, 15-январда Бишкекте Айсулуу Тыныбекова менен Бакберген Аттокуровдун үлпөт тою өтүп жатат. Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, “Сүйүү —...