Кыргызстандын Улуттук жана олимпиадалык курама командаларынын башкы машыктыруучусу алмашты
Кечээ, 25-августта Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде КФБнын Аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйында Кыргызстандын Улуттук жана олимпиадалык курама командаларынын башкы машыктыруучуларын дайындоо маселеси каралып, бир катар маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Урмат Абдукаимов, ал эми Надирбек Мамадалиев Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Мындан тышкары, Аткаруу комитетинин жыйынында 2026-2027-жылдарга карата футбол клубдарын лицензиялоо регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси каралды.
Ошондой эле футбол клубдарынын 2026-жылдагы төлөмдөр боюнча карыздары жана VAR системасын колдонууга байланыштуу чыгымдар каралды. Жыйындын жүрүшүндө КФБнын алдында өткөрүлүүчү футбол, футзал жана кум үстүндөгү футбол боюнча расмий жана жолдоштук беттештерди тейлеген калыстарга төлөнүүчү акчалай сый акылардын өлчөмдөрү бекитилди. Мындан сырткары, 2026-2027-жылдардагы футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын, «Суперлиганын» регламенти бекитилди. Ошондой эле Кара-Ой айылында КФБнын спорттук көп функционалдуу комплексин куруу долбоору тааныштырылды.
2025-жылдын 10-декабрында Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалган Роберт Просинечки Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруу комитетинин чечими менен тараптар футбол боюнча кызматташууну токтотуу боюнча өз ара макулдашууга келишти.
Анын ордуна Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу болуп ата мекендик адис Урмат Абдукаимов дайындалды. Жаңы башкы машыктыруучуга команданы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылы орун ала турган Азия Кубогуна сапаттуу даярдоо жана улуттук кураманын алдына коюлган максаттарды ишке ашыруу милдети жүктөлөт.

Урмат Абдукаимов — Азия футбол конфедерациясынын «A» категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ болгон тажрыйбалуу адис. Ал кыргыз футболунда ар кандай деңгээлде иштеп, жаштар жана улуттук курама командалар менен иштөөдө тажрыйба топтогон. Буга чейин Абдукаимов Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенген. Ошондой эле Жогорку Лиганын «Талант» клубун жетектеп, клубдук футболдо да иш тажрыйбасына ээ болгон.