Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Кытайдын Харбин шаарында өткөн кышкы Азия оюндарында 7-орунду ээледи.
Кыргызстандыктар тайпалык баскычтан баштап, 3 оюн ойношту. Кыргызстандын курама командасы Кувейт (9:8), Бахрейн (29:0) жана Сингапур (11:2) командаларын жеңип, 1-орунду ээледи.
Квалификациялык оюнда кыргызстандыктар овертаймда Гонконгду 6:5 эсебинде утуп, чейрек финалда Кореяга чыгышты. 1/4 финалдык беттеште Кыргызстан курамасы 0:20 эсебинде жеңилип, Азиададагы беттешин аяктап, 7 команданын ичинен 14-орунду ээледи.
Команданын эң көп гол киргизген оюнчусу болуп Мамед Сейфулов табылды, ал 22 упай (11 шайба жана 11 ассист) алды.
Бахрейнди 29:0 эсебинде жеңген курама команданын тарыхындагы эң ири жеңиш болду. Корея 0:20 утулушу команданын тарыхындагы эң ири жоготуу болду.