Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келишти
30-октябрда Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы мекенге кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Спортсмендерди “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, агенттиктин кызматкерлери жана спортсмендердин жакындары тосуп алышты.
24-октябрь-1-ноябрь аралыгында Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан кыз-келиндер күрөшү боюнча төрт спортсмен катышты.
• Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин)
• Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин)
• Нурзат Нуртаева (72 кг чейин)
• Айпери Медет кызы (76 кг чейин)
Мелдештердин жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова күмүш медалдын ээси болду.