Кечээ, 20-июлда Париж олимп оюндарынын күмүш байге ээси Мунарбек Сейитбек уулу профессионалдык бокстогу алгачкы беттешин ийгиликтүү өткөрдү.
Беттеш Бишкек шаарында Япониянын промоутердик компаниясы тарабынан уюштурулган “Достук кечеси” аттуу бокс боюнча эл аралык иш-чаранын алкагында болуп өттү.
Мунарбек Сейитбек уулунун атаандашы Угандадан келген мушкер Коннрад Серуенге болду. Беттештин жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram











