Кыргызстандык спортчу Мунарбек Сейитбек уулу Индияда өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында 2-орунду ээледи.
Сейитбек уулу биринчи беттешинде польшалык спортчу Павел Брахты 5:0 эсебинде жеңип, жарым финалда англиялык мушкер Уильямс Хьюиттен реванш алган.
20-ноябрда финалда кыргызстандык индиялык Сачин Сивач менен беттешип, ага жеңилип, күмүш байгеге ээ болгон.










