Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Парижде өткөн Олимпиада оюндарында 2-орун үчүн 50 миң доллар менен сыйланды. Бул тууралуу АКИСпорт жазды.
Буга чейин Эл аралык бокс федерациясы (IBA) Олимпиаданын байге ээсине кошумча каражат бөлөрүн билдирген. IBA басма сөз кызматы күмүш байге ээсине 25 миң доллар, ал эми дагы 25 миң доллар машыктыруучу менен улуттук федерациянын ортосунда бирдей бөлүштүрүлөөрүн билдирди.
8-декабрда Дубайда (БАЭ) IBA форуму өтүп, анда Париждеги оюндардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сертификаттар тапшырылды. Мындан тышкары Сейитбек уулу мамлекеттен 10 миллион сом жана Kia EV 9 үлгүсүндөгү унаа алган.