Бүгүн, 14-декабрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин спорткомплексинде «Мурас» салттуу достук мелдешинин ачылыш аземи өттү.
Өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн 16 команданын катышуусу менен өткөн турнирдин ачылышында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, катышуучу командаларга ийгилик каалап өттү. Өлкө башчысы ойногон Кыргыз Республикасынын президентинин командасынан сырткары, турнирге «Жогорку Кеңеш», «Көзөмөл», «Аймактар, «Ден-соолук», «Коопсуздук», «Фемида», «Спорт чеберлери», «Журналистер», «Өнөр», «Билим», «Достук», «Динамо», «Ыйман», «Банктар жана бизнес» жана «Ноокат» катышууда.
Бул ирет өтүүчү турнирдин башкы өзгөчөлүгү – буга чейин республикалык масштабда ойнотулган «Мурас-Аймак» мелдешинин жеңүүчүсү Оштун «Ноокат» командасы «Мурас» негизги турнирге жолдому алып, кошулду. Турнир Бишкек шаарынын Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясынын спорткомплексинде сырткары, «Газпром» дене тарбия жана ден-соолук чындоочу комплексинде орун алууда. Бардык каалоочулар аталган мелдештин оюндарына жандуу күбө боло алышат. Мелдеш Кыргыз футбол биримдигинин демилгеси менен жана президенттин администрациясы менен тыгыз кызматташуусунда уюштурулууда.
Бул турнирдин негизги максаты — өлкөдө спортту өнүктүрүү жана сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат. Андан сырткары, мелдеш өлкөбүздүн коомчулугунун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталат. Турнир президенттин «2024-2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгынын жоболорун ишке ашыруунун жакшы мисалдарынын бири болуп саналат.
Бүгүнкү оюн күн дароо чейрек финалчыларды аныктап, эртең, 15-декабрда чечүүчү беттештер орун алат.
Бүгүн, 21-январда маданият министри Алтынбек Максутов Улуттук курама командалардын спортчуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырып, алардын эл аралык аренада Кыргызстанды таанытуу боюнча...
Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова менен япон балбаны Кеничиро Фумитаны үй-бүлө курушу менен куттуктады. 15-январда...
Кыргызстандын жаштар курама командасынын (U-20) капитаны Эмир-Хан Кыдыршаев Европадагы футбол клуб менен профессионалдык контракт түзгөн биринчи кыргыз футболчусу болду. Бул...
15-январда Бишкекте Айсулуу Тыныбекова менен Бакберген Аттокуровдун үлпөт тою болуп өттү. Тойдо эстрада ырчылары ырдап, конокторго белектер ойнотулду. Ошондой эле...
Бүгүн, 15-январда Бишкекте Айсулуу Тыныбекова менен Бакберген Аттокуровдун үлпөт тою өтүп жатат. Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялап, “Сүйүү —...